• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү оптимизацияланды

Президент 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү оптимизацияланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана аталган Кеңештин бир катар мүчөлөрү тарабынан жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилген.

Сунуштарды кылдат иликтеп чыккандан кийин жана аларды этап-этабы менен ишке ашыруу, соттордун жүктөмүнө эсептөө жана алардын ишин оптималдаштыруу максатында бул сунуштар Мамлекет башчысы жана мыйзамдын тиешелүү долбоорун демилгелеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары тарабынан колдоого алынган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары тарабынан «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышы демилгеленген, ал 2020-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген.

Бул мыйзам жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштырууну карайт.

Мында жергиликтүү соттордун судьяларынын жүктөмүн теңдештирүүгө жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле судьяларды көбүрөөк оорчулук жүктөлгөн жергиликтүү сотторго ротациялоого өбөлгө түзөөрү болжолдонууда.

Аталган мыйзамга ылайык, КР Судьялар кеңеши белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду ишке ашырган жана 2020-жылдын 12-июнунда жергиликтүү соттордун 48 судьясын которуу (ротациялоо) тууралуу чечим кабыл алган жана аны андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуштаган.

Судьяларды которуу (ротациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгү жана «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 23-беренеси менен жөнгө салынган.

Жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын 23-беренесинде тиешелүү тартип аныкталган, анын ичинде судьялардын штаттык санын өзгөртүү сыяктуу аныктама белгиленген.

Бул учурда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялардын штаттык бирдиктери бериле турган сотторго которууга (ротациялоо) тиешелүү пикирлерин угат. Судьялар кеңешинин судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча чечими бардык жагдайларды жана алардын жаңы иш ордунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

Мында белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтөрү боюнча жүзөгө ашырылат.

Судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө чечим Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү жарлыкты чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

Жогоруда белгиленгендерди эске алып, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Кеңеш тарабынан сунушталган судьялардын талапкерлигин өлкөнүн тиешелүү жергиликтүү сотторуна которуу тууралуу тиешелүү жарлыктарды чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий