• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда “Жибек-Жолунун маданий туризмин өнүктүрүү” меморандумуна кол коюлду

Маданият 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде «KF Жибек-Жолунун маданий туризмин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча министрликтин алдындагы Туризм департаменти менен Корея Республикасынын “Global & Local Brainpark Inc” компаниясынын ортосунда өз-ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Бул долбоор айыл жерлериндеги туристтик потенциалды изилдөө, региондордогу жашоочулардын арасында тренингдерди өткөрүү, экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларын өндүрүү жана иштетүү, туристтик кызматтарды көрсөтүү боюнча кооперацияларды түзүү, чет элдик туристтерди тартуу үчүн маркетингдик ишмердүүлүктү жүргүзүү аркылуу Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты калктын жакыр катмарынын кирешесин көтөрүү жана туруктуу өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жаатындагы Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына ылайык айыл жерлерин өнүктүрүү, облустар боюнча KOICA эл аралык уюмунун орто мөөнөттөгү стратегиясын (2016-2020) жана IBS (Inclusive Business Solution) долбоорун ишке ашырууга жетишүү, Кыргызстандагы жакыр жашаган калктын кирешесин жана туристтик потенциалын бекемдөө, коомчулукка негизделген кооперативдин алкагында маданий туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү, кооперативдерди түзүү аркылуу жакырчылыкты тамыры менен жок кылууга көмөктөшүү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.

Долбоордун жалпы бюджети 3 млн. АКШ доллары.

Меморундумга Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Global & Local Brainpark In» компаниясынын директору Парк Донг Ванг кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий