• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда ЖМКлар 11-майдан тарта толук кандуу иштей баштайт – Асрандиев

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары 11-майдан тарта өз иштерин толук кандуу уланта алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү өтүп жаткан маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коомчулуктун каалоосун эске алуу менен кабыл алынды.

“11-майдан тарта офистердин, редакциялардын, ЖМКнын бардык түрлөрүнүн студияларынын иштери жанданат. Буга чейин айрым ЖМКлар аралыктан иштеп келген. Биз ЖМКларды 11-майдан тарта өз ишмердүүлүгүн уланта турган кызматтардын тизмесине киргиздик”, - деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий