• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жогорку билимдүү жоокерлердин жыйыны башталды

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. КР Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн даярдоо борборунда жана Кургактагы аскерлердин 36806 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда 11 ай анык мөөнөттөгү кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жокерлердин окуу жыйыны башталды. Бул тууралуу КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул жылы «запастагы лейтенант» биринчи офицердик наамын алуу мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин 200гө жакын жоокери колдонушууда.

Бир ай ичинде аларга теориялык, практикалык сабактар өткөрүлүп, талаа чыгууларында кызмат учурундагы билгичтиктерин бышыктап, взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгүн үйрөнүшөт.

Окуу программасы мурунку жыйындардын жалпы анализинин негизинде, теория жана заманбап согуштун практикасы боюнча тажырыйбаларды эске алуу менен түзүлдү. Ошону менен бирге куралчан локалдуу конфликтердин жана мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн түзүмүнө каршы турууга түзүлгөн.

Жоокерлердин алган билими жыйындын аягында тактикалык, чалгындоо, инженердик, техникалык, ок атуу даярдыгы боюнча жана аскер топография сабактарын өздөштүрүүсүнүн негизинде комплекстүү экзамен менен бышыкталат.

Офицердик наамды алуунун артыкчылыгы мамлекеттик кызматтын күч түзүмдөрүнө жана укук коргоо органдарына кызматка орношуу мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшүндө.

Пикир

Оставить комментарий