• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу боюнча 13 миң 485 факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жума ичинде жол эрежелерин бузуу боюнча 13 миң 485 факты аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 176;
- мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу - 233;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 32;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар - 235;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 812;
- транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу - 5 727;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 3 270.

Пикир

Оставить комментарий