• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу пландалууда — премьер

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн Facebook`тагы баракчасынан түз эфирге чыгып билдирди.

Анын айтымында, бул азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташына байланыштуу.

“Мен кодекстерге өзгөртүү киргизүү менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу боюнча өкмөттүн токтомун иштеп чыгууга тапшырма бердим. Жакынкы арада мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет”, - деди Марипов.

Пикир

Оставить комментарий