• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда Жол коопсуздугу жылын жарыялоо сунушталды

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Темир Жумакадыров атындагы фонд Кыргызстанда Жол коопсуздугу жылын жарыялоону сунуштоодо. Мындай сунушун, аталган фонддун жетекчиси, жол кырсыгында каза болгон КРнын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айтты.

"Жакында өткөн Жол коопсуздугу жумалыгында бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Анда балдарга сабактар, лекциялар болду. Ишти балдардан баштоо керек. Мектепте Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери сабагы кандай өтүлөрүн карагыла. Анда балдар уктап отурушат. Себеби, андай сабактарды жандуу өткөрүү керек", - деди ал.

Ал тематикалык багыттар боюнча ар түрдүү, анын ичинде жол коопсуздугу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

"Маселен, мэрия Шаар күнүн өткөрдү. Алдыда Эгемендүүлүк күнүн майрамдайбыз. Аларды тематикалык багыттар боюнча өткөрүүгө неге болбосун. Биз жасап жаткандарыбыз жетишсиз. Анткени, аны көпчүлүк менен өткөрүп, мамлекеттин колдоосу зарыл. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1,5 ай ичинде 42 миңге жакын айып пул чыгып, анын ичинен 25 миңине ылдамдыкты ашыргандыктары үчүн айып пул жазылыптыр. Ал адамдар өз коопсуздугун ойлобогондугун көрсөтүп турат. Ошондуктан мамилени өзгөртүп, эл аралык стандарттарды киргизүү зарыл", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий