• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7,7%га өстү

Кырсык 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8 ай аралыгында республиканын аймактарында 5 миң 151 жол кырсыгы катталды. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3%га жогору. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7,7%га (490дон 528ге) жана жаракат алгандардын саны 25,7%га (6 миң 64төн 7 миң 623кө) өскөн.

Айдоочулардын күнөөсү менен болгон жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн:
- 30,2 пайызы айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан;
- 29,8 пайызы айдоочунун туура эмес маневр жасагандыгынан;
- 11,3 пайызы айдоочунун жолдун каршы тилкесине чыгып кеткендигинен;
- 6,5 пайызы айдоочунун мас абалда автоунаа айдагандыгынан;
- 6,3 пайызы айдоочунун коопсуз аралыкты сактабагандыгынан;
- 6,1 пайызы айдоочулардын жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүгүнөн;
- 4,3 пайызы айдоочунун жол белгилерине баш ийбегендигинен;
- 1,6 пайызы айдоочунун рулда уктап кеткендигинен болгон.

Ал эми катталган жол кырсыктарынын 2,6 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен болуп, анда жол тилкелеринен туура эмес өткөн, спирт ичимдиктерин ичип алган, жол тилкелерине кокусунан чыгып кеткен учурлары катталган.

Пикир

Оставить комментарий