• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны 11%га кыскарды

Коом 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда жарым жылдык көрсөткүч боюнча жол кырсыктарынын саны дээрлик 11%га кыскарган. Бул тууралууУлуттук статистика комитети билдирет.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча, ушул жылдын январь-июнунда республиканын аймагында 3 миң жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 11%га кыскарган. Алардын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (44 %), Чүй (20% жакыны) жана Ош (9 % жакыны) облустарына туура келди.

Жол-транспорт кырсыктарынан 4 миң 629 адам жабыр тартты, бул 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 8,7% аз, каза болгондор 248 адам же 24,6 % аз.

Январь-июнда балдардын катышуусу менен болгон 802 жол кырсыгы катталып, бул дээрлик өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинде калды. Жол кырсыктардын эсебинен 37 бала каза болуп, 929 бала жабыр тартты.

Мас абалындагы айдоочулардын катышуусу менен болгон 185 жол кырсыгы катталган, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 7,5 % аз.

Пикир

Оставить комментарий