• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны 22,9 пайызга өстү

Коом 0

Бишкек, 25.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 11 айында өлкө аймагында 6 миң 820 жол кырсыгы катталып, 22,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйналышында ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 5 миң 545 жол кырсыгы болгон.

“Жол кырсыгына кабылгандардын 30 пайызы айдоочулар болсо, 70 пайызы жүргүнчүлөр болгон. Жол кырсыктарынын негизги себеби айдоочулардын 60 пайызы сапаттуу билим албай күбөлүктөргө ээ болгон. Акыры үч жылда келтирилген чыгымдын суммасы 12 млрд 761 млн сомго жеткен”, - дейт ал.

Ниязбеков үч багытта иш алып барыла турганын айтты:
1. Айдоочулардын даярдыгынын сапатын жогорулатуу;
2. Жол эрежесинин бузууларды жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларды иретке келтирүү;
3. Жол кырсыктарынын санын азайтып, адам өлүмүнө коркунуч келтирген бардык учурларга бөгөт коюу.

“Айдоочуларды даярдаган 235 мектеп текшерилип, алардын 135и талапка ылайык келбегени тастыкталган”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий