• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөрү текшерилет

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөрүндө текшерүүлөр башталат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Атыр Абдрахматова аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөргөн.

Буга аскер кызматын өтөп жаткан учурда аскер кызматкерлеринин өлүмү, алардын сабалышы жана белгисиз себептерден улам нейропсихиатриялык борборлорго жатышы себеп болгон.

Жумушчу топко төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

1. Аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү, акыркы 5 жылда жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуу;

2. Аскер бөлүктөрүнө барып, жеринде мониторинг жүргүзүү, аскер кызматкерлердин ата-энелери менен жолугушуу жана сурамжылоо жүргүзүү;

3. Аскерлердин өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн себебин аныктоо. “Дедовщина” түшүнүгүн алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо;

4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, аларды практикалык колдонууну изилдөө жана бул маселе боюнча биздин укуктук нормаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

“2022-жылдын 5-сентябрынан тартып жумушчу топ өлкө боюнча аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Мониторингди жүргүзүүнүн максаты - аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалыматтарды чогултуу, жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү”, - деп айтылат маалыматта.

Мониторингдердин жыйынтыгында тиешелүү сунуштары менен атайын доклад даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Аскер кызматкерлеринин энелеринин республикалык комитетинин, "Кыйноолорго каршы коалиция", "Кылым шамы" коомдук фондунун жана “Жарандык союз” коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кирди.

Пикир

Оставить комментарий