• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды

Билим 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кышкы кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылына карата тандоого катышуу үчүн 26-декабрдан 28-декабрга чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт.

"Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж.Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө карата министрликтин сайтында 37 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алуу багыттары жана пландары жөнүндө маалыматтар жарыяланды.

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төрт этабы жөнүндө кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий