• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшыруу 12-июлда башталат – график

Билим 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына Жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшыруунун графиги тууралуу маалымат берди.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдиргендей, ЖОЖго тапшыруу үчүн каттоо онлайн жүргүзүлөт.

12-17-июль – Биринчи тур

12-14-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;

14-июль саат 14:00дө сынакка катышуу үчүн абиртуриенттерди каттоо бүтөт;

15-июль саат 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштырылат;

15-17-июль талапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.

19-23-июль – Экинчи тур

19-21-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;

21-июль саат 14:00дө сынакка катышүү үчүн каттоо бүтөт;

22-июль 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат;

22-24-июль тадапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.

26-31-июль – Үчүнчү тур (КР БИМдин уруксаты менен өткөрүлөт)

26-28-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;

28-июль саат 14:00дө сынакка катышүү үчүн каттоо бүтөт;

29-июль саат 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат;

29-31-июль тадапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.

Пикир

Оставить комментарий