• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Талаптар

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Муфтият жума намаздарын мечитте окууга келгендер сактык чараларын бекем сактоого тийиш экендигин билдирет.

Алар;

- күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

- мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

- мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;

- жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

- даарат жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу керек;

- жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

- мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

- жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;

- ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү керек.

Пикир

Оставить комментарий