• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда жума намазга чектөө киргизилет. Муфтийдин кайрылуусу (видео)

Коом 0


Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда жума намазга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажа Токтомушев өзүнүн кайрылуусунда билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус оорусу бүткүл дүйнөгө тарап жатат. Бүгүнкү күндө ушул коронавирустун өлкө аймагында кеңири тарап кетпеши үчүн, Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы өлкөдө маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларына чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле, диний башкармалыкка өлкөдөгү диний мекемелердеги иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча сунуштарын берди", - дейт муфтий.

Дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алып, коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алды:

1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун;

2. Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун;

3. Беш убак намазды үйдө окуу сунушталат;.

4. Дават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин;

5. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окуу сунушталат.

Урматтуу мекендештер! Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы мындай кыйын учурларда Алла Таалага кайрылып, күнөөлөргө кечирим сурап, тообо кылып, дуба кылууга чакырат.

"Элибиздин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган сактык чарларалды аткаруу ар бир мекендешибизге милдеттүү", - деп белгилейт Токтомушев.

Пикир

Оставить комментарий