• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жумушчулардын төрт пайызы гана 66 миң сом өлчөмүндө айлык алат

Экономика 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда жумушчулардын төрт пайызы гана 66 миң сомдон ашык суммага айлык алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статком 2022-жылдын ноябрь айында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча санынын жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Мында кызматкерлерди бөлүштүрүү 2022-жылы 2 миң 200 сомду түзгөн минималдуу эмгек акынын минималдык өлчөмүн колдонуу менен жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 миң 1 сомдон 66 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4 пайызы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам (4%) 6 миң 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

Пикир

Оставить комментарий