• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны канча? – Статистика комитетинин маалыматы

Экономика 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 15 жана андан улуу жаштагы жумушсуз жүргөн адамдардын саны 156 миңди түзүп, жумушсуздуктун деңгээли 6,2% болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, жумушсуздуктун деңгээли Баткен (9,0%), Нарын (8,8%), Ысык-Көл (8,4%), Чүй (7,3%) облустарында жана Бишкек шаарында (6,6%) көп болгон.

Башка облустарда жумушсуздуктун деңгээли төмөн болгон. Жумушсуздуктун эң төмөн деңгээли Талас (2,5%) жана Ош (3,0%) облустарында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий