• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жумушсуз макамы бар жарандардын саны 83,3 миңге жетет

Коом 0

Бишкек, 14.12.19. /Кабар/. 2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3% (2018-жылы- 2 8% түзгөн) болгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (жумушчу күчтүн санынан 1,2%). Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7,3%) белгиленген.

2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң жумушсуз адамды түзгөн. Ал 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,0 миң адамга же 12% көп. Анын ичинен 48,0 миң адам же 46,6%ы аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миңге жеткен. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.

2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136,1 миң адам). Алардын ичинде 60% (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 миң 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон. Бош орундар арасында суроо-талап жумушчу адистиктерге жогору. 2019-жылдын 1-ноябрына карата 5 миң 203 бош орунга суроо-талап болгон эмес (өткөн жылдын деңгээлинде калган). Бир бош жумуш ордуна 20 адам көрсөтүлгөн. Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 адамга көп.

2019-жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41,1 миң жумушсуз жаран чыгарылган. Анын ичинде 18,9 миң жумушсуз же 46,1%ы жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар болгон.

Кесиптик окутуудан өткөн соң 2 миң 658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.

Пикир

Оставить комментарий