• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 103,1 миңди түзөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда расмий түрдө каттоого алынган жумушсуздардын саны 103,1 миң адамды түзөт же 3,3 пайыз. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.

Анын айтуусунда, алардын ичинен жыл башынан бери 14 миң 379у жумушка орношкон.

Министрликтин жумуш менен камсыз кылуу маселеси боюнча башкы адиси Наргиза Кушбекова жумушсуздарды окутуу артыкчылыктуу багыт экендигин айтып өттү. "Атайын кесиптик билим алууга жумушу жок жүргөн 4 миң 431 адам жөнөтүлгөн. Алар негизинен - чач тарач, ширетүүчү, бухгалтер, ашпозчу, айдоочу, менеджер, тигүүчү болуп чыгышат", - деп билдирди Кушбекова.

Пикир

Оставить комментарий