• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 10,8 миң үй камсыздалган

Коом 0

Бишкек, 31-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери 10,8 миңден ашык үй камсыздалган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздоо уюмунун төрагасынын орун басары Бурул Калматова билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 2016-жылы 10 миң 813 үй катталган. Ал эми 2017-жылдын январынан майга чейин 10 миң 877 үй камсыздалган. “Биздин жоопкерчилигибиз 10 млрд сомго жетет. Бул түшкөн каражаттардын 10 млн сомдон ашыгын түзөт”, - деди ал.

МКУ төрагасынын орун басары белгилегендей, турай жайды камсыздандыруу жөнүндө калкты маалымдоо жеринде жүрүп жатат, ошондой эле, жер-жерлерде уюмдун филиалдары иштейт.

Мындан тышкары, Б.Калматова январдан баштап жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге 6 млн 600 миң сом төлөнгөндүгүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий