• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 104 адам сууга чөктү – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 104 адам сууга чөктү. Бул тууралуу ӨКМнын жарандык коргоо башкармалыгынын улук офицери Өмүрбек Чокомбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын атайын жумушчу топ түзүлүп, туристтик сезондо куткаруу иш-чараларын жүргүзүшөт. Ошондой эле калкты окутуу жүргүзүлөт.

Былтыркы жылы 14 миң 705 жаран окутулган..

“Биз суудагы куткаруучуларды окутабыз. Быйыл 187 куткаруучу окуп, анын 129у Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштеп жатат. Окутуу пансионаттардын ээлеринин демилгесинин алдында жүрүп жатат. Алар өздөрүнүн кызматкерлерин жиберишет, биз келишимдин негизинде окутуп жатабыз”, - деди Чокомбаев.

Ошондой эле ал республика боюнча жыл башынан бери 104 адам сууга чөккөндүгүн, анын 81и жай мезгилинде экенин кошумчалады.

“Белгилей кетсек, бул жакка жол кырсыгы, мас абалында сууга түшүү окуялары дагы кирет. Ата-энелерди балдарын көзөмөлдөөсүн суранабыз”, - деди ӨКМнын кызматкери.

Пикир

Оставить комментарий