• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 11,3 млрд. сомго мунайзат өндүрүшү чыгарылган

Экономика 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын өнөр жай секторунда кайра иштетилген мунайзаттын көлөмүнүн өсүү тенденциясы сакталууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө ведомствонун адистери билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөдө 11 миллиард 342 миллион 648 миң сомго мунайзат өндүрүшү чыгарылган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өсүүнүн көрсөткүчү 34,9 пайыз, 9 айда 28,7 пайызды түзгөн. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата өлкөдө аталган өндүрүш түрү менен негизинен 4 ишкана алектенет: “Кыргыз Петролиум Компани”, Жалал-Абаддагы, Кеминдеги жана Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү ишканалар.

Андан сырткары ведомстводон билдиришкендей, өндүрүш секторунда көрсөткүчтөрдүн өсүүсү текстиль тармагында 28,4 пайызга, кийим чыгарууда 21,2 пайызга, резина жана желим буюмдарда жана калган металл эмес минералдык өндүрүштөрдө 15,8 пайызга жеткен.

Ички дүң продукцисынын жалпы көлөмүндө өнөр жайдын үлүшү 368,3 миллиард сомдон 167,9 миллиард сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий