• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 13,3 млрд кВтс электр энергиясы иштелип чыкты

Экономика 0

Бишкек, 27.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери 13,3 млрд кВтс электр энергиясы иштелип чыкты. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 2,671 млрд кВтс же 25%га көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетика холдинги” ААКнын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, алардын 92%ы ГЭСке жана калган бөлүгү ЖЭБге иштелип чыккан.

“Токтогул суу сактагычынын көлөмү бүгүнкү күнү 17,905 млрд метр кубду түздү. Бул энергетика системасынын суу-энергетикалык режиминин эсебине туура келет. 2016-жылы бул көлөм 15, 988 млрд метр кубду түзгөн”, - деди ал.

2017-2018-жылдардын жылуулук мезгилине Бишкек ЖЭБге октябрда – 80 МВт, ноябрда – 250 МВт, декабрь-февралда - 320 МВт жүктөм пландаштырылган. Бүгүнкү күнгө декабрда 266 МВт иштетилди.

Калиев 2017-жылы Токтогул ГЭС-2де демонтаждооо иштери аяктаганын билдирди. Ал жерге жаңы кубаттуулук трансформатору Т-2 жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий