• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 145 миң 827 балага "сүйүнчү пул" төлөндү

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда ушул жылдын башынан бери 145 миң 827 балага "сүйүнчү пул" төлөнүп берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, балага төлөнгөн сүйүнчүлөрдүн жалпы суммасы 547 миллион сомду түзгөн.

"Учурда министрлик ар бир балага сүйүнчү катары берилген 4 миң сом акчаны алуунун механизмин жеңилдетип жатат. Эми балага "сүйүнчү пул" 2-3 күн аралыгында төлөнүп берилет. Аны алыш үчүн эки документ керектелет. Алар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин паспорту. Ата-энелер Калкты тейлөө борбору, никени каттоо бөлүмдөрүнө жана маалымат күркөлөрүнө кайрыла алат. Эскерте кетсек, балага "сүйүнчү пулду" алууда туруктуу жашаган жерин тастыктаган маалымкат керектелбейт", - дейт Кочкоров.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри белгилегендей, ата-эне "РСК" жана "Айыл банктын" каалаган кеңсесинен балага сүйүнчү делген акчаны ала алат.

Пикир

Оставить комментарий