• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 20 соцобъекттин курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 20 социалдык объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, алардын ичинен 15и билим берүү мекемелери, 3- саламаттык сактоо жана бирөө Нарында майып адамдар үчүн көп батирлүү үй. Ошондой эле Жалал-Абадда балдар психоневрологиялык поликлиниканын имаратынын курулуш иштери аяктады.

“2019-жылы бюджеттен 2 млрд. 120 млн. сом каралып, анын ичинен 1,5 млрд. сом – капиталдык курулушка, 236 млн. сом – капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жана 350 млн. сом 73 айылды таза суу менен камсыз кылууга бөлүнгөн. Ошондой эле биз үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 20 мектептин курулушун аяктоону пландаштыруудабыз”, - дейт Абдиев.

Пикир

Оставить комментарий