• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 221 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген

Коом 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандагы дыйкандарга 221 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери айыл чарбасындагы машина-трактордук паркты жаңылоо жана модернизациялоо максатында бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4 млрд 686,9 млн сомго 3 миң 159 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2020-жылы 583,6 млн сомго 221 техника берилген.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына “Айыл Банк” ААК оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Айыл чарба техникаларын лизингке берүүнүн шарттары:

- лизинг мөөнөтү – 7 (жети) - 10 (он) жыл;

- үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша жылдык алты, жети, тогуз пайызга барабар (өз салым лизингдин суммасынан 10 пайызынан кем болбоосу зарыл);

- күрөө – өз салым 20% жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат;

- лизинг алуучу тарабынан өз салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;

- камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;

- насыя сом менен берилет.

Пикир

Оставить комментарий