• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 323 адам дайынсыз жоголгон

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын 5 айында 323 жаран дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, жоголгондордун 290ну табылган. “Алардын арасында ар түрдүү себептер менен жоголгондор бар, айрымдары жакындарына таарынып дайынын билдирбей коюшкан ж.б.”,-деди ал.

Абдиев жылдын жыйынтыгында 2-3 жаран гана табылбай калат деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий