• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 5 массалык уулануу катталып, 117 адам жабыркаган – Имакеев

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 5 массалык уулануу катталып, 117 адам жабыркаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинлде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана алиментардык оорулардын алдын алуу башкармалыгынын начальниги Азамат Имакеев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда массалык ууланууларды андан ары таратпаш үчүн башкармалыктын кызматкерлери жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистери тарабынан чоң иштер жүргүзүлүүдө.

"Ысык-Көл облусунда мектеп окуучулары “Алиппе” майрамында кондитердик азыктан, ошондой эле Сүлүктүдө тойдо 34 адам тамак-аштан ууланган. Учурда окуучулардын абалы жакшы. Андан кийин жакында эле Кара-Суу районунда дагы “Сахобат” деген кондитердик азыктан массалык уулануу болуп, жалпы 56 адам жабыркаган. Аларга лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, стафилакок бактериясы аныкталган”, - деди ал.

Бөлүм башчы белгилегендей, 12 кичи базар, 82 соода-сатык түйүндөрү текшерилип, 1347 коропка “сахабат” кондитердик азык табылып, алардын бары утилизацияга кеткен.

"Ал эми сатуучуларга бактерия чыккан товарларды сатыктан алуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилип, сатып аткан жердеги санитардык абал текшерилген. Мындан башка дагы 1 тоннага жакын мөөнөтү өтүп кеткен азыктар табылып, бары утилизацияга кеткен. Ал эми азыкты чыгарган цех азыркы күнгө чейин жабык турат", - деди ал.

Имакеев массалык уулануу боюнча бардык чогулган материалдар Ички иштер министрлигине берилип, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий