• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 5118 жол кырсыгы катталып, 458 адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын 9 айынын ичинде ички иштер министрлигинин билдирүүлөрдү жана арыздарды каттоо китебинде 5118 жол кырсыгы тууралуу факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жана тергөө боюнча көзөмөл башкармалыгынын улук прокурору Максат Камбаралиев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде 265 кылмыш иши козголуп, 4710 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 147 факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

“Жол кырсыгынын натыйжасында 458 адам каза болгон, 6299 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жашы жете электердин катышуусунда 977 жол кырсыгы боюнча факты катталган, анын натыйжасында 1118 адам жаракат алып, 62 жүргүнчү көз жумган”, - деди Камбаралиев.

Ошондой эле ал Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жол кырсыгы көп каттала тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий