• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда жыл башынан бери адам сатуу боюнча 5 факты катталды

Коом 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын башынан бери адам сатуу боюнча 5 факты катталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, 4 факты боюнча сотко чейин өндүрүш жүрүп жатат, 1 факты курамында кылмыш белгисинин жоктугуна байланыштуу токтотулган. «2020-жылы республика боюнча адам сатуунун 15 фактысы катталган, анын ичинен 7 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, соттук инстанцияларда каралууда. Калгандары боюнча өндүрүш уланууда»,-деди ал.

Ал КР Кылмыш кодексинин 171-беренесинде каралган кылмыштар мамлекеттик айыптоо категориясына кирерин белгиледи.

«Адам сатуунун курмандыгы болуп калган адамдарга мамиле кылууда көбүнчө объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Объективдүү факторлорго укук коргоо органдарына, уюмдарга ишенбөөчүлүк, субъективдүүлүгү жеке коркуу, жарандардын коомдук резонансты жаратып алуудан тартынуусу.

Адам сатуунун курмандыгы болуп калган адамдарга мамиле кылууда көбүнчө объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Объективдүү факторлорго укук коргоо органдарына, уюмдарга ишенбөөчүлүк, субъективдүү жеке коркуу, жарандардын тартынчаактыгы, ал коомдук реакцияны албашы мүмкүн. Ушундай факторлордун айынан биздин жарандар көбүнчө укук коргоо органдарынан алыстоого аракет кылышат жана кылмыштын бул категориясы жашыруун кылмыштар категориясына кирет. Бул укук коргоо органдары тарабынан катталбаган кылмыштардын категориясы”,-деди Жумабаев.

Ошондой эле ал көпчүлүк учуда кыргызстандыктар Казакстан жана Россида эмгек кулчулугунун курмандыгы болушарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий