• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери бензин менен дизель майы 6,5%дан 9%га чейин арзандады – Монополияны жөнгө салуу агенттиги

Экономика 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери бензин менен дизель майы 6,5%дан 9%га чейин арзандады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн чечими боюнча 80 жана 92 үлгүдөгү бензин, дизель майы социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген.

"Мындан улам Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги алардын бааларына күнүмдүк мониторинг жүргүзөбүз. Акыркы айлардагы анализдер көрсөткөндөй, мунайга, күйүүчү майга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнө байланыштуу биздин республикада да күйүүчү майлардын чекене баасы төмөндөй баштаган. Жылдын башына салыштырмалуу бензин менен дизель майы 6,5дан 9%га чейин арзандады. Бул тенденция мындан ары да уланышы мүмкүн. Негизинен күйүүчү майлар бизге Россиядан алынып келет. Аны 20га жакын жеке компания ташыйт. Күйүүчү майлардын баалары суроо-талаптын негизинде түзүлөрүн белгилеп кетүү керек", - деди ал.

Анын айтымында, күйүүчү майлар социалдык жактан маанилүү товарлардын катарында болгондуктан, алардын баасынын көтөрүлүшү бир ай ичинде 20%дан ашса, анда баалардын жөнгө салынышын мамлекет көзөмөлгө алат.

Пикир

Оставить комментарий