• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери чарбакер субъекттерден 4,3 млрд сом кайтарылды

Экономика 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын 10 айында чарбакер субъекттерден кайтарылган каражаттын жалпы суммасы 4,3 млрд. сомду түздү.

Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь - октябрь айлары аралыгында кайтарылган бюджеттик насыялардын жалпы суммасы 4 319,9 млн. сомду түздү. Анын ичинен негизги карыз боюнча – 2 860,1 млн. сом, пайыздар жана айыптар боюнча 1 459,8 млн. сом кайтарылды. Анын ичинде чет өлкөлүк насыялар боюнча кайтарылган карыз 3 765,2 млн. сомду (87,1%), бюджеттик ссудалар боюнча кайтарылган карыз 554,7 млн. сомду (12,9%) түздү.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкында ачылган Финансы министрлигинин топтомо эсептерине 2019-жылдын январь-октябрь айларында 713,56 млн. сом кайтарылган, анын ичинен:

- Германиянын (KFW) насыясы боюнча 496,06 млн. сом;

- Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) насыясы боюнча 76,03 млн. сом;

- Швейцария өкмөтүнүн гранттык багыты боюнча 60,41 млн. сом;

- Япония өкмөтүнүн гранттык багыты боюнча 27,00 млн. сом;

- ЮСАИД насыясы боюнча 24,60 млн. сом;

- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР) насыясы боюнча 21,98 млн. сом;

- Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн гранттык багыты 5,22 млн. сом;

- Түркиянын насыясы боюнча 1,72 млн. сом кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий