• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 71 млрд сомду түзүп, 8,9%га төмөндөгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы январь-февраль айларында болжолдуу маалыматтар боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 71 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйында Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9%га аз.

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын көлөмү дээрлик 64 млрд сомду түзүп, 5,3%га төмөндөгөн. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 45 миллиарддан ашык сомду түзүп, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 13%га түшкөн”, - деп маалымат берди адис.

Пикир

Оставить комментарий