• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери күйдүргү оорусунун бир учуру катталган

Коом 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери күйдүргү оорусунун бир гана учуру катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө жана жаныбарларды идентификациялоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Сотобалдиев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 12 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага кайрылган.

“Алардын ичинен эки адамда лабораториялык жактан оору аныкталган. Ал эми Сузактагы күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдө оору тастыкталган эмес”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрында Сузак районунда сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түшкөн. Бирок анда ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий