• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери катталган өрттөн 16 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери катталган өрттөн 16 адам каза болуп, 102 киши куткарылган. Бул тууралуу ӨКМдин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы, майор Равшанбек Аширбеков билдирди.

2020-жылдын 10 ай ичинде өлкө аймагында 2 миң 45 өрт катталган.

Былтыркы жылга салыштырмалуу өрт 38,9%га азайган. Алсак, 2019-жылы 3 миң 349 тилсиз жоо катталган. Быйыл өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 473 миллион сомдон ашты.

2019-жылы - 775 миллион сом, башкача айтканда, 39%га төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий