• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 45 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январь-февралында 45 миллиард сомду туздү жана өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин экономикалык статистика жана улуттук эсептер бөлүмүнүн башчысы Эльвира Исенкулова билдирди.

Анын айтуусунда, төмөндөөгө темир жана темирден жазалган буюмдардын кыскарышы себеп болду (35,6 пайызга), буга машина менен жабдуулар кирбейт.

Мындан тышкары, текстиль өнөр жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдары (16,6 пайызга), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (16,1 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

"Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 22,1 пайызга жакын төмөндөдү, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,3 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий