• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 80 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-март айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 80 млрд сомдон ашуун болуп, өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,3%га өстү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, өсүш мунай продукцияларын өндүрүүнүн 31,8%га, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин 25,5%га, фармацевтика продукциясынын 21,3%га, негизги металлдарды жана машиналарды кошпогондо даяр металл буюмдарын жана жабдуулар - 20,3%га, тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктер) жана тамеки буюмдары - 14,1%ке, текстиль өндүрүшү, кийим-кече, бут кийим жана булгаары буюмдарын өндүрүү - 5,8%га, ошондой эле тоо-кен өндүрүшүндө - 0,3%га көп өндүрүү менен шартталган.

Ал оң тенденция курулуш тармагында байкалганын, анда көлөмдүн өсүшү 2,0%га, айыл чарбасында – 2,3%га, дүң жана чекене соодада 6,7%га өскөнү байкалганын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий