• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери өзгөчө кырдаал учурунда 54 жаран каза болду

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери өзгөчө кырдаал учурунда 54 жаран каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, 22-июнга карата өлкө аймагында 19 өзгөчө кырдаал катталган.

“Алардын кесепетинен, коронавирустан каза болгондорду эске албаганда 54 жаран каза болгон. Өзгөчө жол кырсыгы жана сууга чөгүп каза болгондор көп катталууда. Бир жылда сууга 48 адам чөгүп кеткен”, - дейт ал.

Жолдошбаев 2021-жылы өзгөчө кырдаалдан экономикага келтирген материалдык чыгымдын суммасы 1 млрд 336 млн сомду түзгөнүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий