• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны 29 пайызга көбөйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгында (ЖКККББ) 2021-жылдын 9 айында кызматтын аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов жана анын орун басарлары, ошондой эле ЖКККБ аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жол кырсыгынын абалы жана кызматтын алдында турган милдеттерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов баяндама жасады.

Азамат Исраилов өз докладында үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде республикада жол кырсыктары боюнча абал туруксуз деп мүнөздөлгөнүн белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ жана кызматтын аймактык бөлүктөрү тарабынан бир катар уюштуруу иш-чаралар ишке ашырылды.

“Ушул жылдын 9 айында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республиканын жолдорунда жана көчөлөрүндө болгон жол кырсыктарынын саны 29,2%га (4 миң 205тен 5 миң 437ге чейин), каза болгондордун саны болсо 15,3%га (509дан 587ге чейин) жана жаракат алгандардын саны 31%га (6 миң 333төн 8 миң 298ге чейин) өскөн. Республиканын жолдорундагы кырдаал чындыгында көп калктуу конуштардын (шаарлардын) унаа жолдору менен көчөлөрү бир нече жолу ашыкча жүктөлгөндүгүнө байланыштуу. Жол тармагынын жана жол инфраструктурасынын өнүгүү деңгээли автопарктын өсүү темпинен бир топ артта калды. Көпчүлүк жолдордун параметрлери жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жана унаа агымынын курамына туура келбейт, жолдордун айрым бөлүктөрү дайыма жол транспортунун тыгынында иштейт, бул көбүнчө оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарына жана транспорттук кечигүүлөргө алып келет”, - деп белгиледи Азамат Исраилов.

Мындан тышкары, Исраилов белгилегендей, жолдордогу кырдаалды курчуткан дагы бир фактор - бул тажрыйбасыз жана квалификациясыз айдоочулардын көбөйүшү жана ушул себептен улам жол эрежелерин бузушат.

Маалыматтар боюнча, жыл сайын республикада 65-70 миңге жакын жаран транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болушат. Айдоочулардын тартипсиздиги жана тажрыйбасыздыгы, жол кыймыл эреженин бузулушу оор кесепеттерге алып келген оор кырсыктарга алып келет. Жол кырсыктары жолдун начар жарыктандырылышынан да болот.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарган министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов: “Биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун ойлош керек”, - деп баса белгиледи.

“Карагылачы, жол кырсыгынан канча жаран каза болуп жатат жана канча жаран жаракат алды, жол коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүү керек”, - деп эскертти ал.

Ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу, министрдин орун басары шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн, милиция саясий процесстерге катышпагандыгын жана кийлигишпегендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий