• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери жугуштуу гепатиттен 4 адам каза болду

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери жугуштуу гепатиттен 4 адам каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы жугуштуу гепатит менен 8 миң киши ооруп, 8 адам көз жумган.

“В жана С жугуштуу гепатиттери боюнча 60 пайызга жакынынын жуктуруп алуу себептери аныкталган. Алардын 33 пайыздан көбү кокустан болгон жыныстык байланыштардан, 22 пайыз тиш дарыгеринен, 13 пайыз сулуулук салондорунан,13 пайыз үй шартында ийне саюудан, 6 пайызы чет өлкөлөрдөн жуктуруп алган. Ошондой эле 13 пайызы жеке гигиенаны сактабагандыктан, башкача айтканда башка бирөөнүн тиш щёткасын жана башка нерселерин колдонгондо жуктуруп алган”, - деди Жороев.

Ошондой эле ал дарыгерлер ооруну жуктуруп алган адамдар тууралуу маалыматты алган соң эпидемиялык иликтөө жүргүзүшөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий