• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан тарта 263,3 тонна эт өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8 айында республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 263,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, эт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6659 тонна, же 2,6 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу, кой/эчки жана үй канаттууларынан тышкары.

Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылдын январь-август айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Республикада эт өндүрүүнүн эң жогорку темпи Ысык-Көл облусунун чарбаларында байкалат (111 пайыз). Ысык-Көл облусунда эт өндүрүүнүн көбөйүшү Ысык-Көл районунун чарбаларында байкалат, ал жерде отчеттук мезгилде бардыгы 10 748 тонна эт өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу өсүү темпи 152,2 пайызды түзүп, анын ичинен канаттуулардын эти “Агрокуш” ЖЧКсы тарабынан 4345 тонна өндүрүлгөн же райондо бардык өндүрүлгөн эттин көлөмүнөн 40,4 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий