• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан тарта 36,4 млрд сом салык жыйналды - МСК

Экономика 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын биринчи кварталында 36,3 млрд сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 103,2%га аткарылган же 1 млрд 125,9 млн сомго көп жыйналган.

“2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулду же өсүү ыргагы 167,3%ды түздү”, - деди ал.

Кыдыргычов белгилегендей, салыктар боюнча пландык тапшырмаларды ашыгы менен аткаруу бир катар факторлордун эсебинен мүмкүн болгон. Атап айтканда, салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле ал белгилегендей, мындан тышкары, "Смарт Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүү долбоорлору өз жыйынтыктарын берүүдө.

“Мамлекеттик салык кызматы 3 айда 10 млрд 204,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. План 4,1%га же 404,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 425,1 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 116,2%)”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий