• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды - Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Ал "Кепилдик фонду" тарабынан кепилдик берилген айрым ишканалар тууралуу айтып берди.

"Жакында эле Лейлейк районундагы "Лейлек эркин экономкалык аймагында" көлөч чыгарган ишкана ачылды. Жыл сайын биздин өлкөгө 2 млн көлөчкө муктаждык бар. Ал ишканада жылына 300 миң көлөч чыгарылат. Ай сайын 3 миң көлөч чыгарылат. Ал өлкөдөгү муктаждыктын бир бөлүгүн жаппастан, сыртка да чыгарылат деп күтүп жатабыз. Ошондой эле жакында эле Кара-Балтада болот куйма ишканасы ачылды. Андан тышкары кой чарбасы боюнча долбоорду колдоого алып жатабыз. Койлордун бат семирүүсүнө жардам берген тоюттарды чыгаруу колго алынды", - деди ал.

Аны менен бирге ал коронавируска байланыштуу беткап чыгарган ишканага да кепилдик берилгендигин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий