• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жыл сайын тамекинин бир кутусу 10 сомго кымбаттап турат

Экономика 0

Бишкек, 12.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. 2017-жылдын 11 айында Кыргызстанда тамекинин баасы 24,1% жана тейлөө кызматтарына 6,9% кымбаттаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бул тенденция мындан ары улана бермекчи.

Статистика бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова тамекинин баасынын өсүшүн түшүндүрдү.

“Тамекинин баасынын көтөрүлүшү 2016-жылдын 13-декабрында өкмөттүн фильтрлүү жана фильтрсиз чылымдарга төмөнкү чекене бааны белгилөө жөнүндө токтомунун чыгышы менен шартталат. Бул токтомдо 2017-жылы республика боюнча чылымдын баасы 40 сом болору белгиленген”,- деди ал.

Абдукадированын маалыматында, 2017-жылдын аягында чыккан жаңы токтомго ылайык, тамекинин төмөнкү чекене баасы 2018-жылдын 1-январынан тарта республика боюнча 50 сом болот. Ошондой эле жыл сайын товар 10 сомго кымбаттап турат.

Пикир

Оставить комментарий