• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда жылдын биринчи чейрегинде орточо айлык акы $225 түздү

Экономика 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда январь-март айларында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык акысы 15 миң 716 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2018-жылдын ошол эле мезгилине караганда 4,1%га өскөн.

"Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Талас (8,6%) жана Жалал-Абад облустары (4,4%), ошондой эле Ош шаарындагы (5,2%) ишкана жана уюмдарда байкалды. Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары (20 миң 403 сом), Нарын (15 миң 346 сом), Чүй (14 миң 476 сом) жана Жалал-Абад облустарында (14 миң 339 сом) иштеген кызматкерлерде катталган", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий