• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда жылына 200 баладан рак аныкталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Кыргыз-орус славян университетитинин балдар онкологиясы боюнча окумуштуусу, профессор Эмил Макинбетовдун “Азаттыкка” ырасташынча, Кыргызстанда жылына 200 балада рак оорусу аныкталат. Алардын көбү акыркы, 4-стадиясына жетип калганда гана адистин көзөмөлүнө алынууда.

Ушундан улам өлүмгө учуроо пайызы да жогору дейт профессор. Мындан 15-20 жыл мурда жылына 150гө жетпеген баладан рак оорусу аныкталчу. Оорунун көбөйүүсүнө экологиялык абалдын начарлоосу, туура эмес азыктануу жана жугуштуу дарттар себеп болгонун адистер ырасташууда. (BCh)

Булак: “Азаттык”

Пикир

Оставить комментарий