• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда зыяратчыларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. 27-июндан тарта Кыргызстанда зыяратчыларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эмдөө ажыга бара тургандардын катталган жери боюнча облустук Үй-бүлөлүк медицина Борборлорунун базасында, Бишкек шаарында №10 ҮДБ өтөт.

Зыяратчылардын жалпы саны 4 миң 585 адам:

- Бишкек шаары - 278 адам;
- Чүй облусу - 502 адам;
- Талас облусу - 40 адам;
- Нарын облусу - 26 адам;
- Ысык-Көл облусу - 65 адам;
- Ош шаары - 446 адам;
- Ош облусу - 1798 адам;
- Жалал-Абад облусу - 931 адам;
- Баткен облусу - 444 адам;
- штаб - 55 адам.

Облустук Үй-бүлөлүк медицина Борборлорунун жана Бишкек шаарындагы №10 ҮДБ эмдөө бөлмөлөрү менингит жана сасык тумоого каршы вакциналар, ошондой эле, керектелүүчү материалдар менен камсыздалган.

Зыяратчыларды эмдөө 2017-жылдыг 20-июлунда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий