• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда жарандык секторго багытталган кибер кылмыштуулук менен күрөшүү борбору иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда жарандык секторго багытталган кибер кылмыштуулук менен күрөшүү борбору иштей баштады. Бул тууралуу "Сорос - Кыргызстан" фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары санариптештирүүнүн өнүгүшү менен кибер кылмыштардын саны да өстү. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда орточо эсеп менен күн сайын 20га жакын кыргызстандык сайттар киберчабуулдарга кабылат. Маалыматтын жана профилдик адистердин жетишсиздиги кибер кылмыштуулуктун өсүшүнө жана жеке маалыматтардын жоголушуна алып келет.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун ишке кириши менен дээрлик бардык мамлекеттик органдар жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошол эле убакытта жарандык коом хакердик чабуулга кабылынып, кибер инциденттер болгон учурда, ошондой эле жеке баракчалары бузулганда да, алсыз бойдон калышат.

Буга байланыштуу "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен "Кыргыз Интернет Коому" (Айсок) бирикмеси Nothing2Hide колдоосу менен санариптик коопсуздук маселелери боюнча активисттерди, журналисттерди жана жарандык секторду колдоо максатында Tech4Society долбоорун ишке ашырууда. Долбоор алкагында кыргыз жана орус тилдеринде 24 саат бою иштеген техникалык жардам көрсөтүү боюнча call-борбору иштей баштады. Call-борборунда колдонуучулардын маалыматтар купуялыгы, компьютердик коопсуздук жана кибер кылмыштуулук маселелери боюнча жооп беришет.

"Күн сайын интернет тармактарында хакерлердин чабуулдары жөнүндө жана жеке маалыматтын сыртка чыгып кетүү боюнча мисалдар көбөйүп жатат. Жыл башында эле ондон ашык журналист жана активист аккаунттары бузулуп, хакердик чабуулга кабылганы боюнча айтып чыгышкан. Мындан тышкары, 2019-жылдын аягында бажыдагы коррупциялык иликтөө жарыялангандан кийин массалык маалымат каражаттарынын веб-сайттары DDoS-чабуулдарына дуушар болуп, алардын веб-сайттары жеткиликтүү болбой калган. Бүгүнкү күндө өлкөдө кибер инциденттер менен алектенген эки гана мекеме бар жана алар мамлекеттик секторду гана камтыйт. Жарандык активисттер, журналисттер жана чакан ишканалар алсыз жана корголбогон бойдон калууда", - дейт Tech4Society долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев.

Ошондой эле долбоордун алкагында активдүү коомчулуктун коопсуздук инструменттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында кибергигиена боюнча тренингдер жана окутуулар өткөрүлөт. Бул иш-чаралар журналисттердин, активисттердин, жарандык сектор уюмдарынын жана чакан бизнестин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүндө кибер туруктуулукту жогорулатууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий