• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандагы 11 бекетте “Жыйынды пост” автоматташтырылган системасы иштеп жатат

Экономика 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө салык кызматы товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына толук кандуу өнөр жай форматында импорттолгон товарларды эсепке алууда “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын колдонот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Ал билдиргендей, "Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасы “Чалдыбар”, “Ак-Тилек”, “Ак-Жол", “Чон-Капка”, “Аламүдүн”, “Кара-Балта”, “Бишкек-1”, “Кара-суу” темир-жол станцияларында, “Ош” аэропортунда, “Маймак” темир-жол станциясында, “Манас” аэропортундагы товарларды эсепке алуу пункттарында иштеп жатат.

""Жыйынды пост" системасы "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу, ошондой эле товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлөт", - дейт ал.

Иманбетов кошумчалагандай, автоматташтырылган системаны колдонуу ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу процессин тездетип, сапатын жогорулатты жана кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоодо.

"Маалымкаттарды берүү жол-жобосун оптималдаштыруу алкагында Мамлекеттик сатып алуулардын порталы аркылуу конкурстун катышуучуларына (жөнөтүүчүлөргө) электрондук түрдө салык төлөөчү мойнуна алган салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы тууралуу маалымат берүү сервиси ийгиликтүү иштеп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо маалымкатты МСКнын сайтынан салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу аралыктан алуу боюнча система иштелип чыккан жана ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып салыктык каттоо жөнүндө электрондук түрдө маалымкат берүү системасы киргизилген", - деп билдирди МСКнын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий