• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы 30 инновациялык мектепке 300 түрдүү лабораториялык жабдыктар орнотулду

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Кыргызстандагы 30 инновациялык мектепке 300 түрдүү лабораториялык жабдыктар орнотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында электрондук окутууну киргизүү үчүн бардык областтарда инновациялык мектептер ачылып, жалпы билим берүү процессине электрондук жана мультимедиалык технологияны киргизүүнүн пилоттук долбоору башталган.

Учурда өлкөдөгү 30 инновациялык мектеп жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, көп функционалдуу каражаттар, интерактивдүү такта, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалган. Бул Азия өнүктүрүү банкынын "Тармакты өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө" долбоорунун негизинде ишке ашкан.

"Илимий багыттагы предметтерди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында аталган инновациялык мектептер жалпы 300 түрдүү лабораториялык каражаттар менен жабдылды. 30 мектеп интернетке туташтырылып, ар биринде локалдык желе бар", - деп айтылат маалыматта.

Бул мектептердеги информатика мугалимдеринин потенциалын бекемдөө үчүн аймактык билим берүү институттарынын жана областтык методикалык борборлордун адистери тарабынан окутуу уюштурулган. Алар сервердик инфраструктураны орнотуу, тууралоо ж.б. үйрөнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий